• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мэр Сарыбашов: "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасын өткөрүүгө даярбыз

Аймак 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталган эл аралык маданий иш-чарасын өткөрүүгө даярбыз. Бул тууралуу калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов маалымат жыйында билдирди.

– "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланышы жалпы Кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык. Бизде эл аралык маанидеги чоң салтанаттуу иш-чараны өткөрүү жоопкерчилиги турат. Чынын айтканда күн-түн дебей даярдык иштерин көрдүк. Маданий иш-чаралар өтүүчү жайлардын баарын даярдап, оңдоп-түзөө жана жасалгалоо иштерин жүргүздүк. Мындан сырткары шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын сырттарын калыбына келтирүү, тейлөө кызматын көрсөткөн жайлардагы кызматтын сапаттуулугун, ал жерлердеги шарттарды жакшыруу боюнча иштер жүргүзүлдү, – деди Таалайбек Сарыбашов.

Анын айтымында, Ошко 500 жакын чет өлкөлүк катышуучулар жана туристтер келет. Бүгүнкү күндө аталган Эл аралык иш-чараны өткөрүүгө Ош шаары даяр, – деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий