• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэр 2020-жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Мэр Азиз Суракматов 2020-жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу анын коомчулукка кайрылуусунда айтылат.

Анын айтымында, 2019-жылдын башынан бери мэрия митинг, пикет жана жөө жүрүш өткөрүү тууралуу 19 арыз келип түшкөн. Мындай иш-чаралар бизнесмендер менен туристтердин тынчын алууда.

Мэрдин маалыматы боюнча, митинг өткөн жерлерде муниципалдык кызматтар тонналаган таштандыларды чыгарат. Андан тышкары клумбадагы гүлдөдү тепселеп, скамейкаларды сындырып, урналарды оодарып салышат. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери ошол жерлерди кайрадан тазалап жууп чыгышы керек.

Мындан тышкары, туруксуз саясий жана коомдук абал инвесторлорду жана туристтерди да чоочутуп жатат, - деди мэр.

Мэр саясий партияларды талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен маданияттуу чечүүгө чакырып, эмки жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий