• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэр Суракматов кичинекей шаар тургундарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Бишкектин кичинекей жарандарына арналган Жаңы жылдык кече болуп өттү. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров катышты, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Калаа башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө, узатып жаткан 2018-жыл абдан кызыктуу жана эсте калаарлык болгондугун айтты.

“Биз улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрдүк. Бул салтанатты бүт дүйнө майрамдаган. Биздин спортчулар эл аралык иш-чараларда биринчиликтерди багындырып келишкен. Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен Бишкек шаары биринчи орунду ээлеген. Силер - биздин келечек. Силердин алдыңарда кызыктуу ачылыштарды жасоо, ири максаттарды жүзөгө ашыруу, биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргоо жана башка көптөгөн максаттар турат. Ал эми биздин максат – силерге ошол жарык келечекке кадам таштоого жардам берүү”, - деди Суракматов.

Ал белгилегендей, борбордук мэрия балдардын окууда, спортто, маданиятта болгон жетишкендиктери келечекте кесип тандоодо жардам берип, жаштар Кыргызстандын патриот атуулдары болуусуна баардык салымын кошот.

“Силерге окууда көп ийгиликтерди жана алдыга койгон максаттарыңарды ишке ашырууну каалайм”, - дейт Суракматов.

Аталган иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, активисттер, окуунун отличниктери жана ошондой эле “Жаш карек” программасынын катышуучулары катышкан.

Балдарга концерттик программа көрсөтүлүп, белектер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий