• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Мэрдин кубогу-2022": "Нефтчи" "Бунёдкор" футболдук командасына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турниринин алкагында “Нефтчи” (Кочкор-Ата) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командаларынын экинчи жарым финалдык беттеши өттү.

Беттештин жыйынтыгында 2:1 эсебинде ташкенттиктердин пайдасына чечилди. Андан соң көрүүчүлөр арасында турнирдин демөөрчүлөрүнүн баалуу сыйлыктары ойнотулду.

Мелдешке Кыргызстандын футболдук клубдары — Оштогу “Алай”, Кочкор-Ата шаарындагы “Нефтчи”, Өзбекстандын футболдук командалары — Ташкенттин “Бунёдкор” жана Андижандагы “Андижан” командалары катышууда.

Белгилей кетсек, турнирдин жобосу боюнча жарым финалдык беттештердин жеңүүчүлөрү баш байге үчүн ат салышса, жеңилгендер көңүл жубатуучу финалда беттешет.

Мелдештин уюштуруучулары — Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана “Алай” футболдук клубу.

Бул турнирди жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий