• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрдин кубогун Ош шаарынын командасы утту

Спорт 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Бүгүн, 3-май күнү Ош шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча клубдар аралык кыз-келиндер арасында Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдештин финалдык оюндары болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, мелдештерде 1-орунду Ош шаарынын “Алай-Датка” командасы жеңип алды. Ал эми 2-орунду Бишкек шаарынын “Салам-Алик” командасы ээлесе, 3-орунду Бишкектин “Дордой-Намыс”, 4-орунду “Улар” командасы багындырды.

Оюндардын жүрүшүнө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев күбө болуп, жеңүүчүлөргө дипломдорду, кубокторду, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары бир нече номинациялар боюнча да дипломдор, баалуу белектер ыйгарылды.

Ошондой эле, шаар башчысы аталган мелдеш салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлөрүн белгилеп, ушул жылдын күз айларында эркектер арасында мэрдин кубогуна арналган мелдешти өткөрүү планы бар экенин кошумчалады.

Айта кетсек, аталган мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан жана бардык облустардан 11 команда катышып, 2-3-май күндөрү өттү.

Пикир

Оставить комментарий