• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрдин м.а. Кудайбергенов агып бара жаткан кызды сактап калган жаранды сыйлады

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбаргенов сууга агып бара жаткан кызды куткарып калган Сулайманов Залкарбек Жусуповичти сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергенов З.Сулаймановго Бишкек шаардык мэриясынын ардак грамотасын тапшырып, кайраттуулугун жана активдүүлүк пазициясын көрсөткөн жаранга ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, окуя 2021-жылы 10-июнда Аламедин-1 кичирайонунда болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан жаран тез агуучу каналга түшүп, агып бара жаткан кызды сактап калган.

“Урматтуу шаардыктар балдарды суу жана канал жээктерде балдарды кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз. Өзүңүздөрдү жана балдарыңыздарды сактаңыздар”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий