• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрдин м.а. Кудайбергенов вице-мэрдин кармалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда вицэ-мэр Азамат Сагындык уулунун кармалышы боюнча комментарий берди.

“Мэриянын кызматкери катары ага эч кандай доомат жок. Калгандары иликтөө учурунда маалым болот. Айыптап жана комментарий бергенге менин укугум жок”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү иши боюнча кармалган.

Пикир

Оставить комментарий