• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэрдин пландык жыйыны. ЖЭБде түтүнгө каршы күрөшүү үчүн тазалоочу жайы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Калаа башчысы Азиз Суракматов вице-мэрлер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен 2020-2021-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктарды талкуулады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу отун-энергетикалык комплекси боюнча кызматтардын жетекчилери маалымат беришти.

«21-сентябрга карата бардык иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатат», - деп айытлат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шаар тургундарынын үйлөрүн ысык сууну жана жылуулукту эки ишкана камсыз кылат: Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы - «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кирген «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Муну менен бирге Бишкек шаарынын ЖЭБи үч казан агрегаттарында жана жети түтүк агрегаттарында профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүп жатат, анын ичинен төртөөндө оңдоо иштери бүткөрүлдү. Азыркы учурда импорттук жана жергиликтүү көмүрдү даярдоо жүргүзүлүп жатат.

Мэр өз кезегинде, калаада түтүн маселеси курч бойдон калып, абанын булганышынын бирден бир себеби ЖЭБ жана жеке секторлор экенин белгиледи.

ЖЭБ башчысы Андрей Воропаев түтүнгө каршы күрөшүү үчүн эки баскычтуу тазалоочу жайы орнотулганын белгилеп өттү.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК профилактикалык оңдоо иштерин үч жерде: Ахунбаев, Абдымомунов көчөлөрүндө жана «Түштүк- 2» кичи районунда жүргүзүүдө, иштер биринчи эки объектиде жыйынтыкталып калды», - деп баса белгилешти муниципалитеттен.

Шаар башчысы инженердик кызматтардын ишине көңүл бурууну, шаардыктардан жолдордо жана тротуарларда асфальттын төшөлүүсүнүн сапатына нааразычылыктары көп экенин билдирип, ар бир объектидеги иштерди тыкыр көзөмөлгө алууларын тапшырды.

Суракматов ошондой эле шаардын отказандарын газга жана башка альтернативдүү жылытуу ыкмаларына өтүүнү тездетүүнү тапшырды.

«Сентябрь айынын аягына чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы бардык 66 откананы оңдоп бүткөрүүнү пландап жатат, учурда 62 отканада оңдоо жыйынтыкталды», - деп кошумчалашты шаардык бийликтен.

Белгилүү болгондой, учурда жаңы конуштарды газдаштыруу иштери дагы улантылып жатат. 2020-жылы «Газпром Кыргызстан» компаниясы өндүрүш программасынын пландалган иштеринин алкагында 5 жаңы конушту газга кошууну улантууда: «Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас», «Ынтымак», «Киргизия», «Чоң-Арык».

«Мэр шаардык кызматтарды түтүн менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды», - деп баса белгилешти муниципалитеттен.

«Күз-кыш мезгилинде шаардын көчөлөрүн кар, муздан тазалоо үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы 6 миң 500 тонна техникалык туз камдайт. Туз алууга тендер 16-июлда өткөрүлүп, «Галит-Трейд» компаниясы менен келишим түзүлдү жана техникалык тузду жеткирип берүү графиги бекитилди. 21-сентябрга карата 1 миң 868тонна техникалык туз бар, бул пландын 28%ын түзөт», - деп билдиришти шаардык мэриядан.

Ошондой эле шаар тургундарына 126 тонна көмүр даярдоо пландалууда. Жеңилдик алган 3 миң 891 үй-бүлөгө 21,6 миллион сом көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Азыркы учурда 3 миң 469 үй-бүлөгө төлөнүп берилди.

"Мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо уюмдары жана башка социалдык мекемелер дагы графикке ылайык жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий