• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Меридианна, Киара жана Ыпып, Рамос. Кыргызстандыктарга ыйгарылган өзгөчө ысымдар

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекеттик каттоо кызматы кичинекей кыргызстандыктар жөнүндө кызыктуу цифраларды даярдады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда кыздар арасында Принцесс, Меридианна, Фея, Киара жана Сүйүү, ал эми балдар арасында Атилла, Ыпып, Рамос, Сталин жана Хантеңирим сыяктуу өзгөчө ысымдар популярдуу.

Кичинекей кыздардын арасында Ассмо, Хаяль, Сюита, Айэль, Джанай, Чүрөк, Айлуу, Таңсулуу, Акылчач жана Аймелек, ал эми кичинекей балдардын арасында Назым, Эркебулан, Аймин, Теңиз, Байрас, Кычан, Жалын, Бегим, Айаан, Улутман аттуу ысымдар сейрек кездешет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 52 миң 469 кичинекей кыргызстандыкка туулгандыгы боюнча каттоо жүргүзүлдү. 52 миң 541 жаранга бала төрөлгөндө бир жолку төлөм - "балага сүйүнчү" берилди.

Пикир

Оставить комментарий