• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия: 2020-жылы 25 көчөнүн тротуарлары оңдолот. Тизме

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. 2020-жылы Бишкектеги 25 көчөнүн тротуарлары оңдолот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдолуучу жерлердин жалпы аянты 80 миң 515 чарчы метрди түзөт.

Ленин районунда 4 көчөнүн тротуарлары оңдолот:

Москва көчөсү – Фучиктен Манас проспектисине чейин;

Тагай-Бий көчөсү – Ак-Болпондон Кара-Булак көчөсүнө чейин;

Ахунбаев көчөсү – Бакаевден Садырбаев көчөсүнө чейин;

Чүй проспекти – Бейшеналиевадан Кулуев көчөсүнө чейин.

Октябрь районунда 7 көчө:

Ахунбаев көчөсү – 7 апрелден Байтик Баатыр көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

Медеров көчөсү – Элебаевден Жунусалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

Горький көчөсү – Байтик Баатырдан 7 апрель көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

Горький көчөсү – Байтик Баатырдан 7 апрель көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

Каралаев көчөсү – Сүйөркуловдон Шопен көчөсүнө чейин (№5 кичи район);

Нуркамал Жетикашкаев көчөсү – Токомбаевден Каралаев көчөсүнө чейин;

Куттубаев көчөсү – Токомбаевден Айтиев көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы);

Биринчи Май районунда 9 көчө:

М.Ганди көчөсү – Жибек Жолунан Саадаев көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы);

Ден Сяопин көчөсү – Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейин;

Логвиненко көчөсү – Токтогулдан Москва көчөсүнө чейин;

Чүй проспекти – Панфиловдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

Эркиндик бульвары – Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы);

Москва көчөсү – Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Фучик көчөсү – Дэн Сяопинадан Профсоюз көчөсүнө чейин;

Айтматов проспекти – Л. Тольстойдон Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Калыс-Ордо конушу 1,2,3,4,101.

Свердлов районунда 5 көчө:

Чүй көчөсү – Лермонтовдон Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү – Бөкөнбаевден Жибек Жолу көчөсүнө чейин;

Курманжан датка көчөсү – Чүйдөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин;

Гоголь көчөсү – Чүйдөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

Москва көчөсү – Абдрахмановдон Ибраимов көчөсүнө чейин.




Пикир

Оставить комментарий