• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия 2021-жылы Бишкекте кандай ооруканалар курула турганын айтты

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. 2021-жылы социалдык объектилерди куруу боюнча пландын алкагында №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына инновациялык оорукана курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада үстүбүздөгү жылга пландын алкагында бир нече жаңы муниципалдык объекттер курулат:

- №4 БШКО аймагына 3 кабаттуу жаңы инновациялык оорукана курулат;

- №3 медициналык тез жардам шаардык балдар клиникасы ооруканасынын аймагына жаңы корпус курулат;

- №6 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына жаңы корпус курулат;

- “Бакай-Ата” конушуна фельдшердик-акушердик пункт курулат.

“Объекттерди курууга дээрлик 50 млн сом шаардын бюджетине киргизилгенин белгилеп кетким келет. Ошондой эле эл аралык донорлор өнөктөштүк жардам көрсөтүшөт”,-деди ал.

Өз кезегинде Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова жакын арада борбор калаада төмөнкү саламаттык сактоо объектери пайда болорун кошумчалады:

- “Көк-Жар” конушунда – 150 орунга ылайыкталган инновациялык оорукана;

- “Дордой” конушунда – жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

- Семетей көчөсү 31 дарегинде – үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

- №1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында – жаңы инновациялык корпус;

- №4 шаардык перинаталдык борборунда – скрининг-борбор корпусу.

Пикир

Оставить комментарий