• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрия Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конуштарын суу менен камсыз кылууда

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы “Арча-Бешик” жана “Ак-Ордо” жаңы конуштарынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздап жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда ичүүчү суу Ленин районундагы Арча-Бешик жана Ак-Ордо жаңы конуштарында жетишсиз болуп жатат.

Аталган райондордо ичүүчү суу менен камсыз кылуу төмөнкү даректерде аткарылууда:

-«Ак-Ордо» жаңы конушу - №3 МАБ, дареги “Ак-Өргө” жаңы конушу “Жетиген” көчөсү №109, жоопкер №3 МАБдын жетекчиси Баймамбетов А., телефон: 0551 16 08 83;

-“Арча-Бешик” жаңы конушу - №4 МАБ, дареги “Арча-Бешик” жаңы конушу Шералиев-Ж. Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши. Жоопкер: Сагынбаев Н., телефон: 0708 70 83 20.

Ичүүчү сууну ташуу күнүнө саат 09:00 жана кечкисин саат 18:30 жүргүзүлүп жатат (ар бир дарекке 2 цистернадан суу жеткирилүүдө).

Пикир

Оставить комментарий