• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэрия аз камсыз болгондорду көмүр жана отун менен камсыз кылат

Коом 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Шаардык мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр жана отун менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 2017-2018-күз-кыш мезгилинде 4 миң 346 үй-бүлө жеңилдетилген отун алышат, ар бир үй-бүлөгө бир жарым тоннадан көмүр бөлүнгөн.

Ленин району боюнча 1478 үй-бүлө отун алышат, Октябрь районунда – 500, Биринчи май районунда 1168 үй-бүлөгө көмүр, Свердлов районунда – 1200 үй-бүлө көмүр менен камсыз болот.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 667 аз камсыз болгон үй-бүлө “Жашылдандыруу” МИсы тарабынан отун алышты. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 куб отун каралган. Биринчи май, Октябрь, Ленин райондору боюнча 167 үй-бүлөгө, Свердлов району боюнча 166 үй-бүлөгө отун берилген.

Пикир

Оставить комментарий