• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэрия: Бишкекте 76 автобус линияга чыкты

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Өлкөдө 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилгендиктен Бишкек шаарында коомдук унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө коюлган.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жеке микроавтобусттук маршруттардын шаар аралап жүрүүсүнө толугу менен тыюу салынган, троллейбустар гана жүрүп турат. Андан тышкары, автобустар да линияга чыккандыгы кабарланды.

Мэриянын маалыматына таянсак, азыркы учурда шаар боюнча 76 автобус линияга чыккан. Алар 6,7, 8, 9, 18, 21, 22, 36, 38, 42, 46, 48.

"Коомдук унаалар боюнча маселе жаралса, анда WhatsApp тиркемеси аркылуу (0553) 022 753, (0772) 173 743 номерлерине жазсаңыздар болот. Ошондой эле (0559) 73-38-66 телефонуна чалыңыздар (Бишкек троллейбус башкармалыгы)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий