• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэрия: Бишкекте оңдолгон жолдордун деффектерин кайра калыбына келтирүү башталды - фото

Коом 0

Бишкек. 13.05.196 /Кабар/. Бишкек шаарында кытайлык гранттын эсебинде оңдолгон жолдордун, тротуарлардын, ирригациялык курулмалардын деффектерин кайра калыбына келтирүү башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Куруу учурунда кетирген кемчиликтерди аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн, объекттердин баарын кыдырып, деффектерди аныкташкан.

Оңдоо иштери учурда Толстой, Тыналиев, Токтоналиев көчөлөрүндө жүрүүдө. Аныкталган кемчиликтер май айынын ортосуна чейин оңдолот, деп кабарланууда.

Кетирген кемчиликтерди куруу иштерин жүргүзгөн компания бекер оңдоп берет, - деп ишендирүүдө Бишкек мэриясы.

Жалпысынан былтыр 46 көчө калыбына келтирүүдөн соң колдонууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий