• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэрия: Бишкектеги мыйзамсыз орнотулган жарнама такталар алынат

Коом 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алгач атайын бөлүм Дэн-Сяопин проспектиси жана П.Лумумба көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 52 жарнама конструкциясын алды.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Карпинский көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, К.Баялинов көчөсү жана Ю.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги 34 жарнама штендери жана 20 баннер алынып салынды.

"Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз! Эгерде мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр, 0777147493 номерине чалып билдирип коюңуздар", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий