• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мэрия: бишкектиктер бир дүмүрчөк менен бир нече коммуналдык кызматтарды төлөй алышат

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукоэнерго" коммуналдык ишканасынын абоненттери август айында жаңы дүмүрчөктөрдү алышты, эми шаардыктар бир дүмүрчөк менен бир нече коммуналдык кызматтарды төлөй алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор «Тезтап» компаниясы менен биргеликте ишти оптималдаштыруу жана абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыгып, азырынча пилоттук режимде иштөөдө.

"Типографиялык иштерди «Тезтап» компаниясы жүргүзөт. Дүмүрчөктө муздак суу менен камсыздоо, лифт, жылуулук кызматтары жана «Газпром Кыргызстан», «Транском» да бар. Эми шаардыктарга бардык дүмүрчөктөрдүн өзүнчө алып келишин күтүүнүн кажети жок, же алар бир дүмүрчөк алгандан кийин бир эле убакта бир нече эсептерди төлөй алышат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, текшерүүчүлөр Ленин районундагы абоненттерге таратышат, калган үч районго: Октябрь, Биринчи май жана Свердлов "Тезтап" жеткирет.

Маалымдама: "Тезтап" - бул үй ээлеринин ассоциациясын тейлөө жана жалпы дүмүрчөктөрдү басып чыгаруу менен алектенген санарип кызмат.

Пикир

Оставить комментарий