• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия Бишкектин мыкты мектептерин аныктады - тизме

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы ордо калаадагы мыкты мектептердин рейтингин даярдады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык муниципалитеттин билим берүү башкармалыгы мектептердин жетишкендиги боюнча дайым мониторинг жүргүзүп турат.

Мектептер сегиз позиция боюнча тандалды: алтын сертификаттар, өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар (кызыл аттестаттар), райондук, шаардык жана республикалык олимпиадалардын жыйынтыктары, «Алтын-тамга» тестирлөөсүндө катышкандардын саны, илимий долбоорлордун шаардык жана республикалык конкурсуна активдүү жана сапаттуу катышуусу.

Бишкектин мыкты мектептеринин катарына төмөнкү мектептер кирди: №61, №9; №13, №6, №70, №12, №69, №67, №24, №33, №68, №84, №26, №23, №31, №65, №29, №37, №20, №63, №17, №47, №74, №62, №56, №88.

Пикир

Оставить комментарий