• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэрия борбордук мечиттин айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.09.17. /Кабар/.Мэрия Бишкектин борбордук мечитинин айланасындагы мыйзамсыз салынган курулуштарды түрттүрүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Семашко көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Жумабеков көчөсүнө чейинки объектилердин уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Андан сырткары алар тротуардын бир бөлүгүн тосуп, тоскоолдук жаратып турушкан.

Аталган даректин ээлерине “Аныкталган бузууларды четтеттүү жөнүндө” эскертүүсү берилген. Бирок эскертүү аткарылбагандыктан ал даректеги курулуштар түрттүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий