• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрия: Эртең "Ынтымак" сейил багына келип бак отургузуп кеткиле

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын эртең, 7-февраль күнү "Ынтымак" сейил багына келип, "үй-бүлөлүк дарагын" отургузуп кетүүгө чакырат.

"Эртең саат 10:00дө "Ынтымак" сейил багында карагайдын 100 көчөтүн отургузабыз. Эгер шаарды жашылдандырууга катышкыңыз келсе, сөзсүз түрдө келиңиз", - деп билдиришти мэриядан.

Мэриядан билдиришкендей, шаар тургундары өздөрү жактырган көчөттү 1,1 миң сомго (1 миң сом көчөттүн баасы, 100 сом жеткирип бергени) сатып алып, отургуза алат.

"Чогултулган каражат бизге 50 карагайды карызга берген Жайыл мамлекеттик токой чарбасынын эсебине которулат. Калган 50 көчөттү Ноокат районунун Ильяз аттуу тургунунун үй-бүлөсү алып берди", - деп белгилешти Бишкек шаарынын мэриясынан.

Көчөт отургузган адамдардын аттары жазып алынып, кийин жазуусу бар такта алардын "үй-бүлөлүк дарагына" илинет.

Кошучма маалымат үчүн: 0707 777 749 Калича Умуралиева

Пикир

Оставить комментарий