• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэрия футбол күйөрмандарын тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски аянтта уюштурулган күйөрмандар зонасынын аймагындагы тазалыкты көзөмөлдөйт.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, саат 15:15те эски аянтта фан-зонанын эшиги ачылат. Кыргызстан менен Япониянын оюну чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан таштанды салуучу челектер орнотулган. Футбол федерациясы 20 атайын даараткана орнотот.

"Урматтуу шаар тургундары, сиздерди тазалыкты жана тартипти сактоого, бири-бириңерге сылык мамиле кылууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, футболдук оюнга байланыштуу саат 14:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Пикир

Оставить комментарий