• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэрия маршруттук таксилерде жол кире акысын көтөрүүнү караштырган жок – Суракматов

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы азырынчы маршруттук таксилерде жол кире акысын көтөрүүнү караштырган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Ал белгилегендей, эл ташыган ишканалар күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн негиз кылып, муниципалитетке жол кирени көтөрүү боюнча кайрылып турушат.

"Эл ташыган ишканалар солярканын кымбатташынан улам чыгашалар көп болуп жатканын айтышат. Бири нече ирет кайрылышты. Биз шаардыктардын айлыгы менен мүмкүнчүлүктөрүн эске алуудабыз. Ошондуктан азырынча бул маселе каралбай эле", - дейт ал.

Калаа башчысы ал ишканалар менен сүйлөшүү дайыма болуп турарын кошумчалады.

Жол кире акысын көтөрүү чечимин шаардык кеңеш кабыл алат.

Белгилей кетсек, ЖМКларда Бишкектеги коомдук унааларда жол кире акысы 2 сомго көтөрүлөөрү тууралуу маалыматтар чыккан.

Учурда маршруткалардагы жол кире 10 сом, кечки 21:00дөн кийин 12 сомду түзөт. Автобус жана троллейбустарда жол кире 8 сом.

Пикир

Оставить комментарий