• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрия мыйзамсыз жарнама, тандыр жана бастырмаларды алып салды

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар, нан бышырган тандыр жана бастырмалар алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте Садырбаев көчөсүндөгү мыйзамсыз турган обьектилерди алышты.

Тиешелүү документтери жок 3х2 метрлик бастырма будкасы менен, тандыр жана 15 жарнама конструкциясы алынды.

Иш чара шаардын көчөлөрүн мыйзамсыз обьектилерден арылтуу аракетинин алкагында жүргүзүлүп, аны мэрия кызматкерлери, Жогорку соттун сот департаментинин, Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаарындагы аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери кирген штаб жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий