• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мэрия: Ош базарында өрт коопсуздугу сакталган эмес

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ош базарында кокустан өрт чыгып кетсе, аны өчүрүүчү унаалар андагы соода күркөлөрүн аралап, өрт чыккан жерге өтө кыйынчылык менен жетет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер мындай бүтүмгө бүгүн өткөн өрт өчүрүү окутууларынан соң келген. Иш чара атайын кызматтын иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө арналган.

Саат 10:00дө базарда атайын өрт чыкты делип, ал жерге эки өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Бирок алар жерине өтө кыйынчылык менен жеткен. Окутууларга “Мамэкотехинспекциянын, «Бишкекбашкыархитектура», жер ресурсу башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

Бардык иш-аракеттерге муниципалдык администрация башчылары катышышты.

Жыйынтыгында кыска убакыттын ичинде базардын аймагын ирээтке келтирүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий