• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия: Ош шаарынын бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт

Аймак 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин 1 млрд 322,6 млн сомго бекитүү сунушталууда. Бул 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 194 млн 979,0 миң сом көп, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тапшырмасын берген.

"2018-жылы шаардык бюджет 940 млн сом, 2019-жылы 1 млрд 127 млн сомго бекитилген. Бюджет боюнча коомдук угуу 2020-жылдын 23-январында болот", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий