• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэрия рейд жүргүзүүдө: Кар тазалабагандарга айып салынат

Коом 0

Бишкек, 11.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 4нөн 8-январга чейин чарбалык субъекттердин аймактарын тазалоого мониторинг жүргүзүү рейддери өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында 91 эскертүү берилип, КР шаарды жакшыландыруу административдик кодексинин эрежелерин бузуу беренеси боюнча 19 протокол түзүлгөн.

Калаа мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Ахунбаев көчөсү №90а жайгашкан Улуттук физиатрия борборуна, “Бонжур” ЖЧКсына (Токтогул көч. 62) жана “Кибер спорт” клубуна (Чүй 32) карата Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери тарабынан протокол түзүлдү.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы бардык соода борборлору, дүкөндөр, павильондор жана башка уюмдар менчиктик түрүнө карабастан, имаратка тиешелүү аймакты тазалоого милдеттүү экенин эскертет. Бул шарт аткарылбаса Бишкек шаарынын жакшыландыруу жана санитардык нормалар Эрежелерин, ошондой эле Административдик жоопкерчилик кодексин бузуучуларга айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий