• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия: Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия борборунун жалгыз негиздөөчүсү болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жалгыз негиздөөчүсү болуп саналат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2004-жылдын 17-марттагы Саламаттык сактоо министрлиги жана Бишкек шаардык кеңешинин №2 келишиминин негизинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору түзүлгөн. Ошол учурда анын директору болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

Ал эми 2017-жылы министрлик менен Бишкек мэриясынын ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Документке ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаадагы бир катар саламаттык сактоо тармагындагы объекттилердин жана Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жалгыз негиздөөчүсү болуп саналган.

Ага ылайык, борбор калаанын саламаттык сактоо уюмдары министрликтин карамагына өткөнү айтылат. Бирок бул келишим толук аткарыла элек. Бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте жогорудагы 2017-жылдын келишимин аткаруунун үстүндө иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий