• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрия шаар тургундарын жаңы жылдык сынакка катышууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын “Жаңы жылың менен куттуктайм сүйүктүү шаарым” аттуу жаңы жылдык сынакка катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катышуу үчүн каалоочулар “Жаңы жылың менен куттуктайм сүйүктүү шаарым” деген темада жалгыз же топ менен видео куттуктоо, флешмоб (1-2 мүнөт), селфи тартышы керек. Куттуктоолорду “Bishkek 312” тиркемеси аркылуу жиберсе болот.

Бул сынакка жарнамалык маанайдагы, бирөөнүн ар-намысына шек келтирген, сынактын темасына туура келбеген тасмалар кабыл алынбайт. Ал тасмалардын темага туура келишине, аны ачып берүү, өзгөчөлүгү, көркөмдүгүнө карап баа берилет.

Кененирээк маалыматты мэриянын сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий