• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэрия: Стационарлар 61 миңден ашуун адамды кабыл алды

Ден соолук 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын стационарлары 61 миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөттү, - деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

"20-июлда күндүзгү стационарлар 3 миң 538 адамды кабыл алган. Ал эми түнкү стационарларга 654 адам кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 20-июлга карата күндүзгү стационарлар 56 миң 939 адамды кабыл алган, алардын ичинен 42 миң 261и капельница алып, 14 миң 369 - дарыгердин консультациясын алды, ал эми 298 адам ооруканага жаткырылды.

15нен 21-июлга чейинки аралыкта түнкү стационарлар 4 миң 259 адамды кабыл алган, анын ичинен 2 миң 195не ийне сайылган, 2 миң 195 - дарыгердин консультациясын алды, 15 адам ооруканага жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий