• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэрия: "Тулпар" картасы менен жол жүрүүнүн болжолдуу саны 3,5 млн сапарды түздү

Коом 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Өткөн жылы Бишкек мэриясы Швейцариянын BPC компаниясы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автобустар менен троллейбустарга "Тулпар" электрондук билет сатуу долбоорун ишке ашырган.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ушул убакыт аралыгында карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны 3,5 миллион сапарды түздү. Шаардыктар 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты, бишкектиктердин жеңилдетилген категориясы 42 миңден ашуун кызыл карталарды акысыз алышты, ал эми дээрлик 10 миң мектеп окуучулары жашыл карталарды алышкан.

Www.tulpar-card.kg веб-сайты ачылып, анда накталай эмес эсептешүүлөргө, мектеп карточкасын берүүгө байланыштуу бардык суроолорго жооп алууга болот, ошондой эле шаардыктар менен байланышуу үчүн чалуу борбору, telegram жана whatsapp тиркемесинде баарлашуу бөлмөлөрү ачылды, социалдык тармактарда Facebook, Instagram, Twitter, Tiktok баракчаларында да иш жигердүү жүргүзүлүүдө.

"Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, анын жардамы менен сиз балансты көзөмөлдөп, билеттерди сатып алып, виртуалдык карта аркылуу төлөй аласыз жана келечекте транспорттун кыймылын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот", - деп айтылат Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле NFC технологиясы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Эми жүргүнчү виртуалдык карта түзүп, NFC иштетилген Android смартфондору менен жол акысын төлөй алат. Долбоорду модернизациялоо боюнча иштер улантылууда.

Коомдук транспорттун иши боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.

Пикир

Оставить комментарий