• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэрия: Жакынкы сааттарда Бишкекте карга айланган жамгыр жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.11.18 /Кабар/. Синоптиктердин маалыматына караганда, жакынкы сааттарда Бишкекте карга айланган жамгыр жаашы күтүлөт.

Мэрия унаа ээлеринен жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруусун суранат. Ошондой эле муниципалитет соода борборлорунун, ресторандардын, кафелердин, соода павильондорунун ээлеринен өз аймактарын кар жааган учурда таза кармоосун суранат.

“Унааларыңарды жолдун жээгине токтотпоону аябай суранабыз. Себеби “Тазалыктын” кар күрөөчү унаалары карды натыйжалуу тазалай албай, көчөлөргө кум себе албай калат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий