• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мэрия жарандарды катуу шамалдан жана жамгырдан сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды жана шаар конокторун, аба-ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу катуу жааган жамгырдан жана шамалдан сак болууга, өзгөчө тал-теректин жана жеңил конструкциялардын жанынан өтүүдө өтө сак болууга чакырат.

Борбор калаада 4-6-июнга чейин шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метр ылдамдыкта болушу күтүлүүдө. Мындай ылдамдыктагы шамалда дарактардын кулап калышы толук ыктымал.

Мындан улам шаардык мэрия айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жанында токтотуудан алыс болууга үндөйт.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ыкчам жооп кайтаруу борборунун ишин жакшыртты. Буга ылайык, тургундарда суроолор жаралса, 185 жана 1840 номерине чалса болот. Чалуу акысыз жана 24 саат бою тынымсыз сиздердин кызматыңыздарда. Ошондой эле, 0554 -182-185 номерине маселелер боюнча сүрөт жөнөтсөңүздөр болот.

Шаардык мэрия WhatsApp колдонмосу аркылуу борборубуздагы авариялык дарактар жөнүндө так дарегин көрсөтүп маалымат берүүнү суранат.

Байланыш номерлери:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.

Пикир

Оставить комментарий