• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясынын алдындагы шлагбаум тосмосу жана күркө алынды

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мэриянын астындагы күркөнү жана эки шлагбаумду алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштер шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Мыйзамсыз объекттилер боюнча кайрылууларды башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларына жиберүүгө болот:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg

Пикир

Оставить комментарий