• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери шаардыктарды акысыз ташып жатат

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери жарандарды акысыз ташып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттук таксилердин каттамга чыкпай жатканына байланыштуу борбордук аппараттын кызматкерлери шаардыктарды өздөрүнүн унаасы менен ташууда.

Муниципалитеттин кызматкерлери №214 маршруттун каттамы боюнча катташат.

“Урматтуу шаардыктар, автоунаа айдоочулары! Четте калбай, жеке транспорту жок адамдарга көздөгөн жерине жетүүгө жардам берүүнү суранабыз”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий