• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мэриянын өкүлдөрү согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев баштаган баардык вице-мэрлер мекеме-ишканалар менен биргеликте согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктап, белектерин тапшырып келишти.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты жана КРнын социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте 93 жаштагы Хайрулла Джураев жана 96 жаштагы Кадыржан Шарипов менен баарлашты.

С.Турдуев аксакалдардын эрдигинин аркасы менен ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыыбызды белгилеп, алардын кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайтканын, оорукта күн-түн дебей эмгек кылганына ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун, 23 ооруктун ардагери жашайт.

Пикир

Оставить комментарий