• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мэриленд штатынын тургуну үчүнчү ирет лотереядан чоң суммада акча утуп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Мэриленд штатындагы Уитон шаарынын тургуну үчүнчү ирет "Кено" лотереясынан чоң суммада акча утуп алды. Бул тууралуу UPI агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү 69 жаштагы Джордж Бейкер (George Baker Jr.) шаардагы дүкөндөрдүн бирине кирип, бир күн мурун лотереялык билет толтурганын эстеп, текшерген.

Ал толтурган сандар дал келип, 10 миң доллар (696 миң 643 сом) утуп алган.

Джордж Бейкердин айтымында, өткөн жылы "Кено" лотереясын ойноп эки жолу 10 миң доллардан утуп алган.

"Үчүнчү жолу дагы утуп алам деп ойлогон эмесмин. Мен абдан таң калдым, чын эле утуп алдымбы деп билеттин сандарын үч жолу текшердим", - дейт Бейкер.

Эми ал үй-бүлөсүн жакшы ресторанга алып, утуп алган акчаны аялы менен кызына бөлүп бермей болду.

Пикир

Оставить комментарий