• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Меркель айрым карантиндик чектөөлөр алынарын билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу максатында киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен алына баштай турганын билдирди.

Меркелдин айтымында, кийинки жумадан тартып 800 чарчы метрге чейинки аянтты ээлеген дүкөндөр иштей башташы мүмкүн. Мындан тышкары көлөмүнө карабастан, автосалон, музей, китепкана, архив, зоопарк, ботаникалык бакча, китеп жана велодүкөндөрдүн ишин жандандыруу каралууда.

Ошол эле маалда социалдык байланыштарга киргизилген чектөөлөр кеминде 3-майга чейин сакталат. 4-майдан тартып мектептер, чач тарачтар иштей баштайт деп күтүлүүдө. Бирок ири коомдук иш-чараларды, диний кызматтарды өткөрүүгө августтун аягына чейин уруксат болбошу мүмкүн. Мындан тышкары азырынча кафе-ресторандар, кинотеатрлар жана музыкалык аянтчалар жабык болот.

Канцлер катаал чаралардын аркасы менен утурумдук ийгилик жетишилгенин, эми аны сактап калуу зарыл экенин белгиледи.

Бүгүнкү күнгө карата Германияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 135 миңге жакындап калды. Алардын 3 800дөн ашыгы каза болду.

Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү айрым карантиндик чектөөлөр алынарын билдиришкен. Данияда шейшембиден тартып мектептер жана бала бакчалар иштей баштады. Испанияда курулуш иштери жанданды. Австрияда анча чоң эмес дүкөндөр ачылып, 1-майдан кийин таза абада кээ бир спорт түрлөрү менен машыгууга уруксат берилет деп күтүлүүдө. Италиянын бир катар аймактарында кичинекей балдардын кийимдерин саткан жана китеп дүкөндөрү иштей баштады.

Францияда карантиндик чаралардын мөөнөтү 11-майга чейин узартылды. Бельгияда мындай режим 3-майга чейин сакталат.

Пикир

Оставить комментарий