• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрлер аймакты өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча 1 жана 5 жылдык план иштеп чыгыш керек – Боронов

Өкмөт 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Ар бир шаардын мэри аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык план иштеп чыгыш керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов облустарды жана өсүү чекити болгон 20 шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу мааниге ээ маселелер каралды.

«Учурда өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Региондук саясатынын концепциясы ишке ашырылууда. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда ишкерликти өнүктүрүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Каралган иш-чаралардан тышкары, шаарларды өнүктүрүүнүн бекитилген программаларын сапаттуу ишке ашырууну шарттаган кошумча чараларды көрүү зарыл», - деп белгиледи Боронов.

Кубатбек Боронов министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити-пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө тармактык иш-чаралардын, тактап айтканда, жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды.

«Аймактык экономикага таасир бере турган инфраструктуралык мүнөздөгү жана бизнес-долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деп баса белгиледи ал.

Кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өсүү чекити-шаарларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи.

Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, өсүү чекити-шаарларын активдүү өнүктүрүүгө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий