• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мэрлерди шайлоодо кворум үчүн көпчүлүк депутаттардын болушу жетиштүү деп сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев баяндама жасады.

КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңешке шаардык кеңеш менен айылдык кеңеш киргенден кийин экөө тең бир система менен шайлангандай кылуу керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий