• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мэрлерди шайлоодо кворум үчүн көпчүлүк депутаттардын болушу жетиштүү деп сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл.

Белгилей кетсек, талкуу жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев жана Иса Өмүркулов мыйзам долбооруна карата өз сын-пикирлерин билдиришти. Ошону менен катар Юстиция министрлиги баардык укуктук-ченемдик актылар так, түшүнүктүү жана ар кандай чечмеленбегендей кылып аракеттеги мыйзамдык базага дыкат талдоо жүргүзүүсү керектигин белгилешты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий