• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мерсико уюму КР билим берүү мекемелерине азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүсүн улантат

Коом 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Мерсико уюму Кыргызстандын билим берүү мекемелерине азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүсүн улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү COVID-19 менен байланышкан кыйын кырдаалдан улам АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржылануучу МакГоверн-Доулдун «Билим берүү жана балдардын таматануусу үчүн азык-түлүк» программасы 2017-2021-жылдарда Программанын максаттуу мектептери болуп саналган Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерине азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүсүн улантат.

Кыргызстандагы Мерсико уюмунан билдиришкендей, 2021-жылдын аягына чейин Программанын максаттуу мектептери үчүн азык-түлүктөрдү (күрүч, жашыл буурчак, жасмык жана күн карама майы) таратуу ушул жылдын айгуст айында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий