• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Месси 21 айга түрмөгө кесилди

Спорт 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Football Espana билдиргендей, Испаниянын Жогорку соту “Барселона” форварды Лионель Мессиге айып чечимин чыгарды.

Маалыматка ылайык, Аргентина курама командасынын оюнчусу 21 айга абакка кесилди.

Эскерте кетсек, каталондук клубдун лидери атасы Хорке Месси менен өткөн жылы июнда 2007, 2008 жана 2009-жылдары 4,1 млн евро суммасындагы салыкты төлөбөй койгондугу үчүн айыпталып сот алдына келген. Кеп футболчу өз имиджин колдонуу үчүн алган акчалары тууралуу болууда.

Белгиленгендей, бул чечим абакта болууну түшүндүрбөйт. Себеби Испанияда 2 жылга чейинки жаза сынамык мөөнөт болуп саналат.

Булагы Советский Спорт

Пикир

Оставить комментарий