• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Месси 21-кылымдын мыкты оюнчулар рейтингинде сап башына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Give Me Sport басылмасы клубдук деңгээлде көп гол киргизген 21-кылымдын мыкты оюнчуларынын рейтингин түздү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Рейтингдин сап башында “Барселона” командасынын чабуулчусу Лионель Месси чыкты. Ал 726 оюнда 630 гол киргизген. Экинчи орунга “Ювентус” клубунун жылдызы Криштиану Роналду – 812 оюнда 626 гол жараткан. Үчүнчү орунда “Бавариянын” оюнчусу Роберт Левандовски турат. Ал клубдук деңгээлде 472 оюн өткөрүп, 345 гол киргизген.

Give Me Sport басылмасынын рейтинги төмөнкүчө:

1. Лионель Месси

2. Криштиану Роналду

3. Роберт Левандовски

4. Луис Суарес

5. Неймар

6. Килиан Мбаппе

7. Гарри Кейн

8. Златан Ибрагимович

9. Эдинсон Кавани

10. Руд Ван Нистелрой

11. Серхио Агуэро

12. Радамель Фалькао

13. Тьерри Анри

14. Роналдо

15. Паулета

Пикир

Оставить комментарий