Месси AIPS уюмунун версиясы боюнча жылдын мыкты спортчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Эл аралык спорт басма сөз уюму (AIPS) "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Мессини жылдын мыкты спортчусу деп тааныды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылганын Р-спорт басылмасы жазат.

Жылдын мыкты спортчуларына добуш берүүдө Месси 13,11%ды топтой алган. Кийинки орунга кениялык жөө күлүк Элиуд Кипчоге 12,01%ы менен жайгашкан. Үчүнчү орунда испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль (9,38%) турат.

Ошондой эле жылдын мыкты командасы болуп англиялык "Ливерпуль" командасы аталган.

Белгилей кетсек, Месси футбол боюнча Испаниянын биринчилигинде 13 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий