• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Месси “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болгон алдыңкы үчтүккө кирбей калды

Спорт 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Аргентиналык оюнчу Лионель Месси Goal басылмасынын версиясы боюнча “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болгон алдыңкы үчтүккө кирбей калды. Бул тууралуу Чемпионат сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкка талапкер болгондордун сап башында “Бавария” клубунун оюнчусу Роберт Левандовски, кийинки орунда “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналду жана үчүнчү орунда “Манчестер Сити” командасынын футболчусу Кевин Де Брюйне турат.

Буга чейин Месси “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болгондордун ичинен үчүнчү орунда келе жаткан. Ал эми Роналду төртүнчү орунда жайгашкан эле.

Goal басылмасынын версиясы боюнча “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болгон 10 оюнчу:

1 Роберт Левандовски (“Бавария”)

2 Криштиану Роналду (“Ювентус”)

3 Кевин Де Брюйне (“Манчестер Сити”)

4 Лионель Месси (“Барселона”)

5 Томас Мюллер (“Бавария”)

6 Карим Бензема (“Реал”)

7 Неймар (“ПСЖ”)

8 Эрлинг Холанд (“Боруссия”, Дортмунд)

9 Килиан Мбаппе (“ПСЖ”)

10 Жейдон Санчо (“Боруссия” Дортмунд).

Эскерте кетсек, 2018-2019-жылкы сезондун жыйынтыгы менен Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгына татыктуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий