• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Месси "Барселона" клубу үчүн Чемпиондор лигасындагы негизги атаандаштарын атады

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Лионель Месси "Барселона" клубу үчүн Чемпиондор лигасындагы негизги атаандаштарын атады. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Барселона" Чемпиондор лигасынын 1\8 финалында италиялык "Наполи" командасы менен оюн өткөрөт.

"Чемпиондор лигасында ойноо кыйын. Анткени, "ПСЖ" командасы "Боруссияга", "Ливерпуль" клубу "Атлетикого" утулуп калды. Менимче, бүгүнкү күндө күчтүү клуб катары "Ливерпуль", "Ювентус", "ПСЖ" жана "Реалды" айтсак болот", - дейт Месси.

"Барселона" мурунку сезондо "Ливерпуль" командасына жеңилип калган.

Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын мурунку чемпиону "Ливерпуль" командасы. Ал финалдык оюнда "Тоттенхэмди" 2:0 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий