• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Месси Чемпиондор лигасында 34 командага гол киргизген алгачкы оюнчу аталды

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Аргентиналык оюнчу Лионель Месси Чемпиондор лигасында 34 командага гол киргизген алгачкы оюнчу аталды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Месси Чемпиондор лигасынын 5-турундагы "Боруссияга" каршы оюндун 33-мүнөтүндө гол киргизген. "Барселона" менен "Боруссия" командаларынын оюну 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Аргентиналык оюнчу "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жана "Реалдын" мурунку оюнчусу Рауль Гонсалести ашып өттү. Алар Чемпиондор лигасында 33 команданын дарбазасына гол киргизген.

32 жаштагы оюнчу 700 оюнда 613 гол киргизген. Мессинин "Барселона" клубу менен болгон келишими 2021-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий