• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Месси: Эден Азар татыктуу оюнчу, бирок Роналдунун ордун толуктоо өтө кыйын

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. “Барселона” клубунун капитаны Лионель Месси “Реалдын” чабуулчусу Эден Азар тууралуу өз оюн билдирип, аны Криштиану Роналду менен салыштырып кетти. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Мессинин айтымында, Роналдунун ордун толуктоо кыйынга турат.

“Азар татыктуу оюнчу. Ал каршылашынын коргоосун эки анжы абалга алып келе турган оюнчулардын катарын толуктайт. Менимче, Азар Роналдудан айырмаланып турат. Криштианунун ордун толуктоо өтө кыйынга турат. Бирок Эден дагы мыкты оюнчу", - дейт аргентиналык оюнчу.

Эскерте кетсек, Роналду "Реалдын" катарында 2009-2018-жылдар арасында ойногон. Ал эми Эден Азар ушул жылы "Челси" командасынан "Реал" клубуна өткөн.

Пикир

Оставить комментарий