• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Месси Испаниянын лигасында 500 оюнду жеңген алгачкы оюнчу

Спорт 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Футбол боюнча Испаниянын кубогунун 1/8 финалында "Барселона" командасы "Леганес" клубун 5:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Барселонанын" жеңиши Лионель Месси үчүн каталониялык клубдун катарында 500-жеңиши болду.

"Бул Испаниянын лигасында рекорддук көрсөткүч болду. Месси аталган көрсөткүчкө жетүү үчүн "Барселонанын" катарында 709 оюн өткөрүп, 622 гол киргизген. Ошондой эле Барса футболдук командасы Месси курамында ойногон учурда 131 ирет атаандаштары менен тең чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Мессиден кийинки орундарга Хави (482 жеңиш), Икер Касильяс (463), Андрес Иньеста (459), Андони Субисаррета (444) жана Серхио Рамос (439) турат.

Пикир

Оставить комментарий