• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Месси каршылаштарын эң мыкты алдап өтүүчү футболчу аталды

Спорт 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси футбол боюнча алдыңкы 5 Европа лигасында каршылашын мыкты алдап өтүүчү футболчу аталгандыгын Squawka сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Opta Sports компаниясы 2006-2007-жылдагы сезондон баштап мыкты алдап өткөн футболчулардын статистикасын жүргүзө баштаган. Акыркы 13 жылда Месси бул көрсөткүчтө мыкты деп табылып келет.

Аргентиналык оюнчу 1880 жолу каршылашын алдап өткөн, алардын 57,2%ы жемиштүү болгон. Экинчи орунда "Реалдын" оюнчусу Эден Азар турат (1220, 57,1%). Үчүнчү сапка "Фиорентина" командасынын жарым коргоочусу Франк Рибери (939, 47,9%) жайгашкан.

Ал эми, Криштиану Роналду тизменин бешинчи орунуна илинген. Ал 816 жолу алдаса, 44%ы жемиштүү болгон.

Алдыңкы 5 Европа лигасындагы 10 мыкты футболчу:

1. Лионель Месси ("Барселона") - 1880 алдаса, 57,2%ы жемиштүү болгон

2. Эден Азар ("Реал») - 1220, 57,1%

3. Франк Рибери ("Фиорентина") - 939, 47,9%

4. Серхио Агуэро ("Манчестер Сити") - 832, 46,6%

5. Криштиану Роналду ("Ювентус") - 816, 44%

6. Хоакин ("Бетис") - 798, 50,9%

7. Хатем Бен-Арфа (франциялык оюнчу) - 770, 50,6%

8. Андрес Иньеста ("Виссел Кобе") - 739, 60,9%

9. Роберто Фирмино ("Ливерпуль") - 736, 56,8%

10. Неймар ("Пари Сен-Жермен")- 734, 50,2%.

Пикир

Оставить комментарий